"Бизге жарандар “Буларды кечирип эле койбойсуңарбы? Аларга Кудайдын алы эле жетпесе, пенденин алы жетпейт” деп айтышууда. Ошол сөздөр далилденүүдө". Мындай пикирди бүгүн, 16-апрелде маалымат жыйынында жабырлануучумун деген Айымпаша Келдибаева билдирди.
“Ыргал Кадыралиева “Келдибаевдер менен өз ара сүйлөшүп алдык, прокуратура өзү эле Канжар Кадыралиевге каршы иш козгоп жатат” деп айтат экен. Бул жалган сөздөр, ушуга кантип ишенсе болот? Азыр эми 3 оор кылмыш жасаган адамдын үй камагына чыгышы (Канжар Кадыралиевдин) "буларга пенделердин күчү жетпей калыптыр" деген сөздү дагы бир жолу ырастады. Биздин жалгыз үмүтүбүз президент Алмазбек Атамбаевде. Ал өзү бул ишти көзөмөлдөбөсө, иш токтоп калганы жатат”,- деди Келдибаева.