Дамира Ниязалиева "айрым ректорлордун каршылыгына карабай өкмөт жогорку окуу жайларды оптималдаштырганы жатат" деди

Вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева 15-апрелде жогорку окуу жайлардын ректорлору менен жолугушту. Ниязалиева жолугушуунун максаты билим берүү шарттарын жогорулатуу, ата мекендик билим берүүгө инвестиция тартуу маселелерин талкуулоо экенин белгиледи.

“Башка өлкөлөрдөн реалдуу билим алууну каалаган студенттерди тартуу үчүн өлкөнүн университеттери жана институттарындагы билим берүүнүн деңгээлин жана сапатын жогорулатуу керек. Бизде билим берүү деңгээли жакшыртууга муктаж",- деди вице-премьер.

Айрым ректорлордун каршылыгына карабай өкмөт 2016-жылы ЖОЖдорду оптималдаштырууга умтулуп жатканы айтылды. 

Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргыз Республикасында билим берүүнү экспорттоону өнүктүрүү концепциясын иштеп чыгуу үчүн ведомство аралык жумушчу топ түзүү чечими кабыл алынганын өкмөттөн билдиришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан