Бишкекте шаар тургуну кызды муунтуп өлтүрүп, андан соң өзүн бычактаган. Бул тууралуу бүгүн, 16-апрелде Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя 12-апрель күнү Бишкек шаарындагы 12-кичи райондо болгон. Анда шаар тургуну кызды муунтуп өлтүрүп, андан соң өзүнүн кан тамырларын кесип, ичине эки жолу бычак сайган. Мындан улам ал ооруканага жеткирилген, бирок эсине келе албай каза тапкан. Учурда алардын аты-жөнү, жашы жана окуянын себеби такталууда. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө.