Бүгүн, 16-апрелде парламент жыйынында башкы прокурор Индира Жолдубаева 2014-жылы өлкөдөгү мыйзамдуулуктун абалы жөнүндө маалымат берип жатат. Маалыматты И.Жолдубаева кыргыз тилинде окуп, депутаттардын суроолоруна кыргыз тилинде жооп берди.
Мындай өзгөрүү Турсунбай Бакир уулун сүйүндүрдү. "Жогорку Кеңеште башкы прокурорлукка талапкерлигиңиз каралып жатканда кыргызча жакшы сүйлөй алчу эмессиз. Эми жакшы сүйлөп калыптырсыз. Бул аракетиңиз мени сүйүндүрдү",- деди Бакир уулу.