Сузактагы Көк-Арт дарыясы коркунуч жаратууда. Бул тууралуу бүгүн, 16-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, 15-апрелден 16-апрелге караган түнү Көк-Арт дарыясынын деңгээли көтөрүлүп, Сузак районунун Арал тилкесинде кооптуу абал түзүлгөн. Учурда суу ашып кетүү коркунучу бар жерде 4 оор жүк ташуучу унаа жана 1 экскаватор таш ташуу иштерин баштады. Ошондой эле жергиликтүү бийликтерден 70-80 адам тартылып, каптарга кум толтуруп орнотуу жана тал-теректерди коюу иштери жүрүп жатат.