Канжар Кадыралиевдин баш коргоо чарасы кийинки жумада каралат

Канжар Кадыралиевдин баш коргоо чарасы кийинки жумада каралат. Бул тууралуу бүгүн, 16-апрелде Жогорку Соттон билдиришти.

Буга чейин Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту К.Кадыралиевге карата бөгөт коюу чарасын карап, 26-апрелге чейин камакка алуу чечимин кабыл алган. Бирок 10-апрелде Бишкек шаардык сотунун соттук коллегиясы биринчи инстанциянын токтомун жокко чыгарып, К.Кадыралиевге карата үй камагын тандаган.

Айта кетсек, Башкы прокуратура Канжар Кадыралиевге карата “бейбаштык”, “өзүм билемдик” жана “зомбулук көрсөтүү менен талап кылуу” беренелери боюнча кылмыш ишин козгоп, ээлеген кызматынан бошоткон. Андан соң Ош шаардык соту аны камакка алуу чечимин чыгарып, издөө жарыялаган. 26-мартта Кадыралиев Башкы прокуратурага өз эрки менен келген, андан кийин ден соолугуна байланыштуу ооруканага жаткырылганы белгилүү болгон.  

Жогорку Кеңештин депутаты Ыргал Кадыралиеванын бир тууган агасы Канжар Кадыралиев Ош шаардык прокуратурасында иштечү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
akyn-jurogu
2015-04-16 15:18:47
Элди алдай бергиле ошентип, кийинки жума, наркы жума деп... Ошончо косягы бар адам давно камалыш керек эле, бул болсо журот "кулуп" коюп!!!
+2
bom.bon
2015-04-16 15:26:48
Ушинтип созо берип элди кондуруп ишти жаап салатда.
+2
Qnet
2015-04-16 15:56:18
Бул да ооруканада жаттыбы? Кылмыш иши козголгондо оздорунун ден соолугун бир ремонттоп алышат экен да,оорубаган жерлеринен оору табып.
+2
Aika96
2015-04-16 15:57:29
аллергия
+1
Hernandez
2015-04-16 20:46:13
Озунун сойкуканасындагы кыздары менен мамилеси бар окшойт да
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан