Тогуз коргоол боюнча Дүйнө чемпиондугунда кыргыз спортчулары 1 күмүш, 1 коло медаль тагынышты

Бүгүн, 16-апрелде Казакстандын Алматы шаарында тогуз коргоол боюнча Дүйнө чемпиондугунун стандарт түрү боюнча жеңүүчүлөр аныкталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, уландар арасында алтын медаль тагынуу мүмкүнчүлүгүн улуттук кураманын мүчөсү Анарбек Жамакеев сактап келген. 7 турдун жыйынтыгында 3 спортчу алтыдан упайга ээ болуп, кошумча көрсөткүчтөрдүн эсебинен алдынкы 2 орунду Казакстандын өкүлдөрү ээлешти. 1-орунду Хакимжан Елеусинов, 2-орунду Жаннат Каймулдин багындырса, 3-орунду кыргыз спортчусу Анарбек Жамакеев ээледи.

Тогуз коргоолдун стандарт түрүнөн кыргыз кызы Аида Керимбекова күмүш медаль тагынды (карамагында 5,5 бар), калган 2 байгелүү орун Казакстандын өкүлдөрүнө тийди. Асел Далиева (6,5 упай) алтын тагынса, колону Салтанат Сапарбекова (5,5 упай) утту. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Afina
2015-04-16 17:56:11
Анарбек агай чын дилимден куттуктайм сизди!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан