Ала-Букада уурдалган 4 ири мүйүздүү мал Өзбекстандын аймагынан табылып, ээсине берилди

Ала-Букада уурдалган 4 ири мүйүздүү мал Өзбекстандын аймагынан табылып, ээсине берилди. Бул тууралуу бүгүн, 16-апрелде Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 8-март күнү Ала-Бука районунун Булак-Башы айылында кыргыз жаранына тиешелүү 4 ири мүйүздүү мал уурдалган. Мындан улам мал ээси чек арачыларга кайрылган. Кыргыз-өзбек чек ара өкүлдөрүнүн өз ара кызматташуусунун алкагында уурдалган малдар Өзбекстандын аймагынан табылып, ээсине кайтарылып берилди.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
begai93
2015-04-17 06:28:13
Шумшуктор уурдап кетсе керек. жакшыле табылыптыр.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан