Владимир Путин: "Кайрадан империя түзүү максатым жок"

"Биздин империя түзүү максатыбыз, империялык амбициябыз жок",- деп билдирди Орусия президенти Владимир Путин 16-апрелде түз эфир аркылуу Орусия жарандарынын суроолоруна жооп берип жатып. Президент Евразиялык экономикалык союздун максаты жарандардын жакшы жашоосун камсыздоо экенин белгиледи. 
"Мындан кыйкым издөөнүн кереги жок, бул табигый көрүнүш, интеграциялык процесс. Азыр баары уюмдарга биригип жатышат. Белгилеп койгум келет: чек арага жакын жашаган орус элин, бизге жакын КМШ өлкөлөрүнүн жарандарын татыктуу жашоо менен камсыздай алабыз. Бул үчүн өз ара аракеттенишүү жана кызматташууну өнүктүрүү керек",- деди Путин.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан