Жылнаама, 17-апрель: Мындан 1 жыл мурун Баткен облусунда ойноп жүргөн балдар граната таап алып, аны таш менен урушканда жарылып кеткен

* Мындан 1 жыл мурун, 2014-жылы Баткен облусунун Зардалы айылына жакын жерде ойноп жүргөн балдар граната таап алып, аны таш менен урушканда жарылып кеткен. 2 бала каза болуп, 7 бала жаракат алган.
 
* Мындан 225 жыл мурун, 1790-жылы Америка Кошмо Штаттарынын түзүлүшүн негиздеген үч эң маанилүү тарыхый документке кол койгон жалгыз саясий ишмер, элчи, окумуштуу, сүрөтү 100 АКШ доллар купюрасына түшүрүлгөн Бенжамин Франклин 84 жашында Филадельфияда каза болгон. 
Америкалык ойчул, илимпоз, экономист, публицист Бенжамин Франклин 1706-жылы 17-январда Бостондо туулган. Ал эгемендиктин декларациясы жана АКШ Конституциясынын түзүүчүлөрүнүн бирден-бир өкүлү. 
* Мындан 47 жыл мурун, 1968-жылы орусиялык ырчы Валерия Орусиянын Аткарск шаарында музыканттардын үй-бүлөсүндө туулган. Ошол эле туулган жериндеги музыкалык окуу жайдын фортепиано бөлүмүн аяктаган соң, 1985-жылы Москвага көчүп келип, Гнесин атындагы Музыкалык академияга тапшырып, белгилүү ырчы Иосиф Кабзон менен элге кеңири таанылган актриса Гелена Великановадан таалим алган. 
1992-жылы Валериянын биринчи альбому англис тилинде жарык көргөн. 1993-жылы Орусиянын журналисттери тарабынан ырчынын орус элинин эстрадасына кошкон салымы эске алынып, эмгеги бааланып, "Жылдын мыкты адамы" наамы ыйгарылат. Мындай көңүл буруу Валерияга дем берип, чыгармачылыгы бир топ өркүндөп, 1999-жылы "Эң мыкты ырлар" деген экинчи альбому жарык көрүп, анын ичинен "Ты где-то там", "Не обижай меня" деген ыры узак убакыт хит-параддардын туу чокусун ээлеген. 
* Мындан 41 жыл мурун, 1974-жылы англиялык ырчы, бийчи, модель, актриса, дизайнер Виктория Бекхэм Англиянын Хартфордшир графтыгында туулган. Толук аты-жөнү - Виктория Керолайн Адамс Бекхэм. Виктория Бекхэм Англиядагы театралдык мектепти бүтүрүп, жогорку билимге ээ болгон эмес. Атактуулукту алып келген "Калемпир кыздар" ("Spice Girls") тобуна 17 жаштагы Вики кастинг аркылуу келип калган. 1996-жылы топтун алгачкы "Каалайсыңбы?" ("Wannabe") деп аталган сингли Улуу Британия, АКШ жана башка 29 мамлекеттин музыкалык чарттарынын алдынкы орундарын ээлеген. Кыска кара көйнөк жана шиш така кийип көзгө урунган Виктория эл арасында Укмуштуу Вики (Posh Viki) деген атка ээ болгон. 
Виктория Бекхэм атактуу футболчу Дэвид Бекхэмге турмушка чыгып, 1999-жылы Бруклин аттуу уулдуу болушкан. Ошол эле жылдын 4-июлунда укмуштуу той өткөрүп, ага 800 миң доллар чыгым кеткен дешет. Алардын 2002-жылы Ромео, 2005-жылы Круз деген уулдары жарык дүйнөгө келсе, 2011-жылы Харпер аттуу кыздуу болушкан.
17-апрелде кыргыз өлкөсүндө жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан