Каныбек Иманалиев: "Кыргыз мамлекети үчүн евразиялык интеграция кеңири мүмкүнчүлүктөрдү ачат"

Санкт-Петербург шаарында Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Парламенттик ассамблеясы менен КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын жыйыны өттү. Уюмдарга мүчө мамлекеттердин парламент депутаттары 16-апрелде "Евразиялык экономикалык келечек" аттуу эл аралык форумга катышканын ЖКнын маалымат кызматы билдирди.

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы Каныбек Иманалиев Евразиялык экономикалык биримдиктин алкагындагы интеграция мамлекеттерде туруктуу өнүгүүнү камсыз кылыш үчүн зарыл экенин белгиледи. 

"Кыргыз мамлекети үчүн Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке кирүү – тышкы экономикалык өтө маанилүү стратегиялык багыт. Өлкөнүн Евразиялык экономикалык биримдикке кошулушу ага даярдык көрүүдө жумшалган мээнеттин логикалык уландысы болуп саналат. Бул – экономикалык өнүгүүнүн гана эмес, жалпы өлкөнү өнүктүрүү стратегиясынын артыкчылыктарын аныктай турган жалпы улуттук деңгээлдеги окуя жана тарыхый зарылдык",- дейт Иманалиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан