2010-жылы кабыл алынган Конституциянын артыкчылыгы – анын эч ким бийликке келе электе кабыл алынгандыгында. Муну депутат Абдыманап Кутушевге шилтеме берүү менен 16-апрелде парламенттин маалымат кызматы жарыялады.
Кутушев "президенттин укуктары көбөйүп кетти" деген пикирлерге макул эмес.
"Мамлекет башчы Конституцияда жазылган чектен чыга албайт. Болгону өкмөттүн, парламенттик коалициянын туруксуздугунан гана мамлекет башчысынын таасири күчөгөндөй көрүнүшү мүмкүн. Мисалы, парламент кайсы бир министрди дайындаса, ал эми ал тууралуу президент тиешелүү жарлыкка кол койбой койсо, 3 күн аралыгында дайындалган министр кызмат ордуна барып иштей берсе болот. Мында президенттин ыйгарым укуктарынын күчөбөгөндүгү көрүнүп турат",- дейт депутат.
Президент Конституцияга өз алдынча өзгөртүүлөрдү киргизе албастыгын, буга парламенттин макулдугу керектигин белгилеген депутат:
"Эгер жүйөлүү маселелер чыкса, референдум аркылуу элге алып чыгыш керек. Эсибизде, 2006-жылы Конституцияны эки айдын ичинде парламент өзү эки жолу өзгөрткөн. Азыр андай кылууга мүмкүн эмес",- деп билдирди.