Жалал-Абад облусундагы Майлуу-Суу шаарында сууга агып кеткен 3 адам Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери тарабынан куткарылды. Бул тууралуу бүгүн, 17-апрелде аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, 1990-жылы туулган Кристина Кученкон, 1992-жылы туулган Дмитрий Тримбушев жана 1988-жылы туулган Илья Давыдов 16-апрель күнү саат 16:49да Ленин көчөсүнөн өтүүчү Майлуу-Суу сайына түшүп кетишкен. ӨКМнын кызматкерлеринин жардамы менен алар аман калышты.