Акыркы сутка ичинде өлкө аймагында 5 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 17-апрелде ӨКМдан билдиришти.
Маалыматка караганда, Бишкек шаарында 1, Ысык-Көл облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 2, Ош шаарында 1 өрт кырсыгы болгон.
Сузак районунда турак үйдөн өрт чыгып, үй толугу менен күйүп кеткен. Учурда кырсыктын келип чыгуу себептери такталууда.