Эльвира Сариева: "Өлкө Бажы биримдигине кирген соң, мугалимдер шарты жакшы мамлекеттерге кетип калат деген коркунуч бар"

"Кыргыз Республикасы Бажы биримдигине киргенден кийин мугалимдер коңшу мамлекеттерге эмгектенүүгө кетип калат деген коркунуч бар". Бул тууралуу бүгүн, 17-апрелде Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын жыйынында билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева билдирди.

Анын айтымында, коңшу мамлекеттерде мугалимдер үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлгөн. "Мисалы, Казакстанда аймактарда мугалимдер жетишсиз. Бул өлкөдө окутуучуларды бардык керектүү шарттар менен камсыз кылат. Ошондуктан жаш мугалимдердин агымын жоготуп алышыбыз мүмкүн",- деди Сариева.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан