«Дордой» базарына жакын жерде жол кырсыгы катталып, айдоочу жабыркады. Бул тууралуу бүгүн, 17-апрелде Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, кечээ, 16-апрель күнү саат 09:30 чамасында «Дордой» базарына жакын жерде Мазда 323 жана Тойота Камри үлгүсүндөгү унаалар сүзүшкөн. Анын кесепетинен биринчи унаанын айдоочусу жабыркаган. Учурда жол кырсыгынын келип чыгуу себептери такталууда.