Чүй облусунда жер тилкелерин берүүдөгү мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 17-апрелде УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 2010-жылы Аламүдүн райондук архитектура жана шаар-курулуш башкармалыгынын мурдагы башчысы А.С.Т. бир катар мыйзамдарды бузуу менен Орто-Сай айылындагы 4,99 гектар жер тилкесине турак жайларды куруу үчүн уруксат берген. Учурда бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.