Бүгүн, 17-апрелде Жогорку Кеңештеги коалициялык көпчүлүк "Кумтөр" маселесин талкуулайт. Мындай маалымат Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын жыйынында айтылды. Алдын ала маалыматтарга ылайык, отурум саат 14:00дө башталмакчы.
Айта кетсек,
9-апрелде Жогорку Кеңеш "Кумтөр" маселеси боюнча парламент токтомдорунун аткарылышы тууралуу өкмөттүн маалыматын угуп, жыйынтыгында өкмөттүн бул багыттагы ишин "канааттандырарлык эмес" деп тапкан.Учурда "Кумтөр" маселесин чечүү боюнча 3 багыт айтылууда. Алар: кенди улутташтыруу, канадалык "Центерра" ишканасы менен биргелешкен ишкана түзүп, "Кумтөрдөгү" үлүштү 50х50 пайыздан бөлүү жана "Кумтөр" боюнча азыркы статусту сактап калып, "Центерранын" Директорлор кеңешин гана алмаштыруу.