Каракол – Эңилчек унаа жолуна түшкөн кар көчкү тазаланды. Бул тууралуу бүгүн, 17-апрелде ӨКМдан билдиришти.
Маалыматка караганда, кар көчкү кечээ, 16-апрель күнү саат 22:24 чамасында аталган унаа жолдун 85-чакырымына түшкөн. Анын көлөмү болжол менен 8139 метр кубга жеткен. Жолду тазалоо иштерине транспорт кызматы тарабынан 1 даана бульдозер жана 1 даана автогрейдер тартылып, толугу менен ачылган.