Лейлек районунда Тажикстанга 30 тонна цементти алып өтүүгө аракет кылган жаран кармалды

Лейлек районунда Тажикстанга 30 тонна цементти алып өтүүгө аракет кылган жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 17-апрелде Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 16-апрель күнү "Лейлек" чек ара отрядынын чек арачылары тарабынан кыргыз жараны контрабандалык жүк менен кармалган. Ал 30 тонна цементти оор жүк ташуучу унаасы менен Тажикстанга алып өтүүгө аракет кылган. Учурда тиешелүү материалдар толтурулуп, жүк Бажы кызматына өткөрүлүп берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан