Жогорку Кеңештин 16-апрелдеги жыйынында "Баткен эркин экономикалык аймагы жөнүндө" мыйзам долбоору каралды. Демилгечилердин билдиришинче, мыйзам долбоору Баткен облусунун Баткен, Сүлүктү шаарларын, Баткен жана Лейлек райондорун социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүгө көмөктөшүү үчүн иштелип чыкты. Баткен ЭЭАны түзүү аймакка инвестиция тартуу боюнча жакшы мүмкүндүк берери айтылды.
Баткен ЭЭАны түзүү жана толук иштеши ар түрдүү даражада төмөнкүлөргө көмөктөшөт:
- жаңы өндүрүштүк ишканаларды жана башка чарбалык жайларды ачууга;
- чек арага жакын аймактарда калкты иш менен камсыз кылууга;
- жергиликтүү калктын турмуш деңгээлин жогорулатуу аркылуу аны кармап калууга;
- аймактын экспорттук потенциалын жогорулатууга;
- товар жүгүртүүнү арттырууга;
- атаандаш аймактык экономиканы, инфраструктураны жандандырууга, экономиканын аймактык кластерлерин өнүктүрүүгө.
Мыйзамдын долбоору 1-окууда добуш берүүгө жиберилди.