Бишкекте 1 жашка толо элек кыз ваннадагы сууга тумчугуп чарчап калды. Бул тууралуу бүгүн, 17-апрелде Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя 15-апрель күнү болгон. Анда шаар тургуну 2014-жылы туулган кызын жуунтуу үчүн ваннадагы сууга салып, өзү телефон менен сүйлөшүп алаксып кеткен. Ошол убакта кыз сууга тумчугуп калган. Ооруканага алып барганда анын чарчап калганы белгилүү болгон.