Чүй облусунун Жаңы-Жол айылында Осмон каналынан суу ашып, 15 гектар айдоо аянтын каптады. Бул тууралуу бүгүн, 17-апрелде ӨКМдан билдиришти.
Маалыматка караганда, суунун деңгээли 15-апрелден 16-апрелге караган түнү жааган жамгырдан улам көтөрүлгөн. Учурда райондун Суу чарба башкармалыгынан 1 экскаватор жана Жаңы-Жол айылынан 8 адам суунун нугун тазалап, жээгин кум толтурулган каптар менен бекемдөөдө. Турак жайларга коркунуч келтирилген эмес.