Алмазбек Атамбаев 28 баланы багып жаткан үй-бүлөгө 1 миллион сом берди

Кыргыз Республикасынын Президентинин социалдык коргоо жана колдоо фондунан 28 баланы тарбиялап жаткан Вадим Яшиндин үй-бүлөсүнө 1 миллион сом бөлүндү. Тийиштүү жарлыкка мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевдин кол койгону 17-апрелде маалымдалды. Каражат балдардын жашоо шартын жакшыртуу жана кичи автобус сатып алууга көмөктөшүү максатында берилди. 
Айта кетсек, Жайыл районунун Сосновка айылында турган Яшиндин үй-бүлөсү турмуштук оор кырдаалда калган балдарды багып келет. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан