Кыргызстанда хоккей боюнча таймаштын III айлампасы өтөт

27-февралдан 4-мартка чейин Бишкек шаарындагы Шаардык муз аянтчасында хоккей боюнча республикалык таймаштын III айлампасы өтөт. Бул тууралуу Хоккей федерациясы билдирди. Маалыматка караганда, алгач 2 айлампанын жыйынтыгында алдынкы орундарга ээ болгондор таймаштын акыркы III айлампасына катышышат. Аталган таймаштын 1-2-айлампасынын жеңүүчүлөрү: «Арыстан» (Бишкек), «Ала-Тоо» (Нарын), Жумгал-Шортон» (Чаек) жана «Хан-Тенгри» (Бишкек). Айта кетсек, III айлампага 12 команда катышмакчы. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан