Бишкекте уурулукка шектелген 18 жаштагы бала кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 17-апрелде Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине 53 жаштагы шаар тургуну кайрылган. Анда ал шаардагы медициналык борборлордун биринен кымбат баалуу уюлдук телефонун белгисиз адам уурдап кеткенин айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 18 жаштагы А.А. аттуу бала кармалган. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.