Бишкекте муниципалдык жерди басып алууга аракет кылгандар кармалышты

Жеке турак жай курулуш департаменти Бишкек шаарынын Щербаков көчөсүндө жайгашкан кичи сейил багынын бир бөлүгүн басып алууга аракет кылган жарандарды аныктады. Муну бүгүн, 17-апрелде Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка таянсак, жер басып алууга аракет кылгандар Щербаков көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн биринин ээлери болуп чыгышты. Аймактык милиция кызматкери жана департамент кызматкерлери биргеликте бул факт боюнча кармалгандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгына кат жөнөтүштү.

Жер басып алууга аракет кылгандар эми Кылмыш-жаза кодексинин 172-беренесинин 1-пунктуна ылайык жоопко тартылышат.         

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
hairullo
2015-04-17 19:03:47
Кумтордо 311 тонна алтын калса. Анда1гр алтын 42$ х 1000гр (1кг)〓42 000$
311 000 х 42 000$ 〓 13 млрд 62млн $ алтын бар экен. Кыргызстандын карызы 4млрддан ашып кетти. Оозубуздагы нанды Канадалыктарга жедирип жатат экенбиз да.
0
hairullo
2015-04-17 19:06:19
Кечиресиздер мен жаны конок болгонум учун Кумторго коммент. жаза албайтам. Ошондуктан болок жакка жаздым. Саясат болумуно кочуруп жазып койунуздарчы сураныч.
0
admin_portal
2015-04-20 12:32:08
hairullo, саламатсызбы!
Көчүрүп коюу мүмкүн эмес.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан