
* Мындан 5 жыл мурун, 2010-жылы Чүй облусундагы Аламүдүн районуна караштуу Маевка айылындагы жер талаш кыргыздар менен түрктөрдүн ортосундагы чуулгандуу окуяга айланган. Анын кесепетинен 5 адам каза болгон. Анын ичинде бирөө казак, дагы бири азербайжан улутунан экени аныкталган. Мындан сырткары Саламаттыкты сактоо министрлигинин берген маалыматы боюнча, 29 адам ооруканага жеткирилген. Жаракат алгандардын 10у коопсуздукту сактоо кызматкерлери болушкан. Ошондой эле Маевка айылында жашаган айрым түрк улутундагы тургундардын турак жайлары өрттөлүп жана ИИМдин 3 машинасы толугу менен жарактан чыккан.

* Мындан 28 жыл мурун, 1987-жылы орусиялык теннисчи
Мария Шарапова Сибирдин Нягань шаарында төрөлгөн. Теннис менен машыгууну төрт жарым жашында атасы Юрийдин кол астында ойноодон баштаган. Кызынын тенниске кызыкканын байкаган атасы Юрий машыктыруучу Юрий Юдкинге тапшырат. Юрий Юдкинде бир жылдай машыгып, теннистин сырларын билип калган Маша 6 жашында Москва шаарында улуу теннисчи Мартина Навратилова менен бирге теннис ойноого чыгат. Секелек кыздын жөндөмдүүлүгүн байкаган Мартина атасы Юрийге кызын тез арада Америкада жайгашкан Ник Боллетьеринин теннис академиясына тапшыртуусун өтүнгөн. Мариянын теннистеги талантын өрчүтүүнү көздөгөн Юрий улуу спортчунун кеңеши менен Америкага кетүүнү чечкен. Америкага барууга Орусиянын Теннис федерациясы чоң салымын кошкон. Мария үчүн мыкты машыктыруучу издеп жүргөн атасы Юрий белгилүү Пит Сампарс, Линдсей Девенпорт, Трейси Остин аттуу спортчуларды даярдаган тажрыйбалуу Роберт Ленсдорпко токтолгон. Мария Шарапова 2001-жылы профессионалдык тенниске өткөн. Ал 2001-жылдан бери профессионалдык теннисте 32 миллион 730 228 доллар иштеп тапкан.

* Мындан 5 жыл мурун, 2010-жылы венесуэлалык мушкер
Эдвин Валеро Валенсиядагы түрмөдө өз өмүрүн кыйган. Ал спорттук шымына асынып өлгөн. Ал эми анын абакка түшүшүнө бир күн мурда аялы Женниферди бычактап өлтүргөндүгүн моюнга алгандыгы себеп болгон. Кедей үй-бүлөдөн чыккан жана атактуулукка муштуму менен жеткен Валеро өз өлкөсүнүн чыныгы сыймыгы болгон. Мушкердин артында 8 жаштагы уулу менен 5 жаштагы кызы калган. Анын мындай терс жоруктарга баруусуна автокырсык учурунда мээсинин чайкалышы себеп болгон. Акыркы мезгилде Валеронун жүрүм-туруму бузулуп, баңгизат колдонуп калган.