Жылнаама, 20-апрель: Мындан 147 жыл мурун манасчы Сагымбай Орозбак уулу туулган

* Мындан 147 жыл мурун, 1868-жылы айрым тарыхый маалыматтарда манасчы Сагымбай Орозбак уулу Ысык-Көлдүн Чырпыкты айылынын жанындагы Кабырга деген жерде туулгандыгы айтылат. Манас айтууга 14-15 жаш курагынан тартып кирише баштаган. Бардык эле манасчылар сыяктуу Сагымбай Орозбак уулу да "Манас" айтууну түш көрүү менен байланыштырган. Ал түшүндө бир чоң үйдүн ар кайсы жерлеринде "Манас" айтып жаткан кишилерди көрөт. Алардын ар бири ар башка окуяларды айтып жаткан болот. Ошондо бирөө Сагымбай Орозбак уулун "Манасты айтпасаң, айбалта менен чабам" деп коркутат. Манасчынын айтымында, түшүндө коркуткан адам Семетей болгон. Ушул түшүнөн кийин Сагымбай Орозбак уулу "Манас" айтууга кирише баштаган.
 
* Мындан 5 жыл мурун, 2010-жылы Мусулмандар диний башкармалыгынын муфтийи Муратаалы ажы Жуманов белгисиз кишилер тарабынан уурдалып, кылмышкерлер андан 1 миллион доллар талап кылышкан. Кийин аны Байтик айылынан табышкан. Ажы бул окуядан эки ай өтпөй рак оорусунан көз жумган.

* Мындан 22 жыл мурун, 1993-жылы америкалык “Backstreet Boys” тобу Американын Орландо шаарында бүтүрүүчү класстын окуучулары Эй Жей Маклин менен Хауи Дороу тарабынан түзүлгөн. Топтун эл алдына болгон алгачкы кадамы өздөрү окуган мектеп сахнасынан башталып, алгачкы концерти 1993-жылы 8-майда Орландо шаарында 3000 көрүүчүнүн алдында болуп өткөн. 1996-жылы топтун эң алгачкы “Backstreet Boys” деп аталган жаңы альбому жарыкка чыгып, Батыш Европада популярдуу боло баштайт. Ал эми 1997-жылдан тарта дүйнөнүн эң атактуу музыкалык топторунун катарына кошулган “Backstreet Boys” тобу ырларынын сатылышы боюнча болуп көрбө­гөн­дөй натыйжаны көрсөтүп, 2001-жылы "Гиннесстин рекорддор китебине" киргизилген.
* Мындан 2 жыл мурун, 2013-жылы Бишкек убактысы боюнча саат 06:02де Кытайда күчтүү жер титирөө катталган. Табият кырсыгы адам өлүмү, кыйроолор менен коштолгон. Айрым маалыматтар боюнча, каза болгондордун саны 37, жаракат алгандар 600 адамдан ашкан. Зилзала Кытайдын батыш тарабындагы Сычуань провинциясында орун алып, күчү 7 баллга жеткен. 
20-апрелде кыргыз өлкөсүндө жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан