Баткенде Портер унаасы көпүрөдөн түшүп кетип, айдоочу каза болду

Баткен облусунун Кадамжай шаарынын унаа жолунда Портер унаасы көпүрөдөн түшүп кетип, айдоочусу каза болду. Бул тууралуу 18-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалым болгондой, кырсык 18-апрель күнү саат 00:45те катталган. Окуя болгон жерге ӨКМнын №3-Өзүнчө мобилдик тоо-кен кырсыктарынан куткаруу взводунун куткаруучулары барышып, айдоочунун жансыз денесин автоунаадан чыгарышып, райондук оорукананын өлүк сактоочу жайына өткөрүп беришти. Ал эми автоунаадагы аял жабыркап, ал райондук оорукананын травматология бөлүмүнө жеткирилди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
zezim2000
2015-04-18 12:58:26
кудай сактасын,кырсык каш кабактын ортосунда дейт эмесби.
+1
baba.
2015-04-18 14:42:05
Баткен Кадамжай жолу кандуу жол болдуго.Акыркы убакта коп окуп калдык мындай суук кабарды.Ошол жердин эли ырымын кылуу керек бул жолго.Жандык союп кан чыгарып дегендей.........
+1
nargiz_96
2015-04-18 18:18:36
baba.,сойбогонубуз пил менен кенгуру калды барын сойуп кан чыгарганбыз негизи секин журуу керек
0
malika14
2015-04-18 17:42:09
jaman boluptyrgo, jaiu jannattan bolsyn, arty kairlyy bolsyn, kadamjaida ozy kop bolot, kudai saktasin ych jil murda menin bolomda klasstashtary menen mashinada avaria bolushkan...
0
kirgizstan
2015-04-18 18:17:41
Аты жонун кошо жазссанар супер
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан