Кечээ, 17-апрелде саат 17:20 чамасында Арал - Миң-Куш унаа жолунун 33-чакырымында Миң-Куш айыл аймагынын Кызыл-Сөөк тилкесинде болжол менен 460 миң куб метр жер көчкү түшкөн. Унаа жолу бир тараптуу жабык. Бул тууралуу 18-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалым болгондой, натыйжада Миң-Куш суусун жер көчкү толук бөгөп калуу коркунучу пайда болгон. Унаа жолунун бир тарабынын 60 метрдей аралыгын суу жеп жатат. Окуя болгон жерде транспорт кызматынан 1 жүктөгүч иштеп жатат. Жер көчкүнүн жылуу процесси активдешүүдө.