"Өзүнүн тарыхын унутпай, аны урматтаган эл жаркын келечекке татыктуу",- деп билдирди төрага Асылбек Жээнбеков 17-апрелде Орусиянын аймагындагы Саха Республикасынын (Якутия) Мамлекеттик Жыйынынын (Ил Тумэн) Төрагасы Александр Жирковду кабыл алууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматынан билдиришти.
Жээнбеков А.Жирковдун Кыргыз Республикасы менен Саха Республикасынын ортосундагы мамиленин бекемделишине кошкон салымын белгилеп өттү. Ага улай эки тараптуу карым-катышты өнүктүрүү жаатында жасалып жаткан келечектүү багыттарды санап, кыргыз-орус кызматташуусунун бардык багыттарын канааттануу менен белгиледи.
Жирков кыргыз-якут ортосундагы кызматташтык алакаларды арттыруу зарылдыгын белгилеп, өлкөлөр ортосундагы аймактык мамилени мындан ары да жакшыртууга дилгирлигин билдирди. Мындан сырткары маданий-гуманитардык, илим-билим тармагындагы бирдиктүү иш-аракеттерди кеңейтүү зарылчылыгына көңүл бурду.
Соңунда А.Жирков эки тараптуу байланыштын өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн Жогорку Кеңештин төрагасына Саха Республикасынын Мамлекеттик Жыйынынын Ардак грамотасын тапшырды.