Орусияда СССРдин Эл артисти Болот Миңжылкыевдин бюсту ачылды

17-апрелде Жогорку Кеңештин демилгеси менен кыргыздын залкар опера ырчысы, СССРдин Эл артисти Болот Миӊжылкыевдин 75 жылдык мааракесине карата Орусиянын Санкт-Петербург шаарындагы Мариинский театрында анын бюстун ачуу аземи болду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирди.

Иш-чаранын салтанаттуу бөлүгүн кыргыз жеринен барган Жогорку Кеӊештин делегация башчысы, депутат Каныбек Иманалиев ачты. "Болот Миӊжылкыев кыргыз жеринде туулуп-өсүп, Ташкент менен Италияда билим алган, ал дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө ырдады, бирок акыркы турагы Мариинский театры болду. Улуу кыргыз баласынын чыгармачылык жактан толук ачылуу тагдыры дал ушу Мариинский театры менен байланышкан. Дал ушул театр дүйнөгө опера өнөрүнүн көптөгөн чыгаан өкүлдөрүнүн даӊкын чыгарып келген. Ошондуктан Болот Миӊжылкыевдин бюстунун Мариинский театрында ачылышы символикалуу окуя, кыргыз элинин даӊазалуу ырчыларынын бирине көрсөтүлгөн зор урмат болуп саналат. Ал ушул жерде өз таланты менен опера ышкыбоздорунун жүрөгүн козгоп, кыргыз журтунун даӊкын чыгарган. Ал дүйнөнүн чыгаан бастарынын бири катары аброй таап, дүйнө кезген, Ла Скала жана Метрополитен-Опера сындуу эӊ белгилүү сахналарда ырдаган. Замандаштары Миӊжылкыевди бекеринен "кыргыз Шаляпини" жана "азыркы доордун эӊ мыкты басы" деп атабаган чыгар",- деп айтты Иманалиев.

Иш-чара Мариинский театрынын концерттик программасы менен коштолду.

Белгилей кетсек, Б.Миӊжылкыевдин бюсту кыргыз скульптору Аскар Турусбеков тарабынан жасалган. Ал театрдын даӊазалуу опера ырчылары Николай Фигнер, Федор Стравинский, Иван Мельников, Медеи Фигнердин, композитор Эдуард Направниктин бюсттары жайгашкан галереядан орун алмакчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
aash
2015-04-18 20:27:03
Кыргыздардын улуу муундарына данк! Биздин сыймык!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан