Бишкекте 23-февраль - Ата Мекенди коргоочулар күнүнө карата баскетбол боюнча мелдеште "Fire" командасы жеңишке ээ болду. Бул спорттук иш-чара И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде өтүп, анда "Динамо", "Жал", "Марс" жана "Fire" командалары оюн көргөзүшкөн. Булардын ичинен экинчи орунга “Динамо”, ал эми үчүнчү орунга “Марс” командалары чыгышты.