Ошто 4 жашар баланы сүзүп алган айдоочу убактылуу кармоочу жайга камалды
Ош шаарындагы Ленин көчөсүндө 4 жашар баланы сүзүп алган айдоочу убактылуу кармоочу жайга камакка алынды. Бул тууралуу 18-апрелде SUPER.KG порталына Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков билдирди. Анын айтымында, 4 жаштагы бала кырсык болгон жерден каза тапкан. "Окуя 17-апрель күнү саат тогуздар чамасында болгон. Айрым маалымат булактары "айдоочу кырсык болгон жерден качып кеткен" деп жазып жатышат. Күнөөлүү адам эч кайда качпай эле, баланын ата-энесине жардам берип жүргөн. Учурда айдоочу убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери башталды",- деди Сыдыков.
Админ.Ошто Фрунзе кочосундо да мас абалда айдоочу кош бойлуу аялды 2 жашаар баласы менен сузуп баласы каза болуптур.Айдоочу депутаттын баласыкен деп уктук качыптыр деп тактап койгулачы,кимдин баласы болсо да жазага тартылыш керек да кудайдан коркуп.
+4
A3A
2015-04-18 23:05:39
Эми эле андай эмес мындай болчу дей баштаптыр го, бул кетиште 1 айга жетпей чыгат ((((((
0
Parish
2015-04-18 23:20:11
Отоо кейиштуу окуя болуптур.
Жаш бала эч нерсени корбой
кетээ берди.Баланын ата-энеси колунан эле жетелеп
алса болмок экен.
Жаткан жайы бейиште болсун.
0
Qnet
2015-04-19 01:39:18
Эххх кичинекей кыргызчиктер чонойбой эле кырылып атат го!Атанын кору дунуйооо...
0
magnat1013
2015-04-19 02:20:35
Ошто эч ким правила менен журбойт, мурда бизге мектепте эле уйротчу эле азыр уйротпойбу дейм да, жаш балдары менен кызыл жанып турса да, машиналар шуулдап отуп жатса да адам баласы жашыл жанганын кутпой отуп кетууго аракет кылышат, ошондуктан жол эрежелерин сакташ керек, айдоочулар да жоо жургондор да, жолдон отуп кетип атып алла тооба менен отосун.
0
carcanat
2015-04-19 02:48:58
Баардыгы мыйзамдан окмоттон коркпогондон ушул келип чыгат. Темирдей тартип орнотуш керек бизге.
0
miwka94
2015-04-19 17:12:02
jol erejelerin buzgan joo jurgun4ulordu da ayipka tartiw kerek
0
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.