Бүгүн, 19-апрелде эртең менен Казакстандын Моюнкум районунда кичи автобус жүк ташуучу автоунаа менен сүзүшүп, кырсыктан улам кыргыз жарандары каза табышты. Бул тууралуу КРнын ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Алдын ала маалыматтарга ылайык, кичи автобуста 19 адам (1 айдоочу жана 18 жүргүнчү) болгон, анын бешөөсү ооруканада, 14ү күйүп кеткен, анын ичинен алтоосу Кыргыз Республикасынын жарандары экени аныкталды. "Дагы күйүп кеткен 8 адамдын өздүгү такталууда. Алардын кыргыз жериндеги туугандарын табууда кыйынчылык жаралып жатат",- деп айтылат маалыматта.
Кырсыктан улам каза тапкан кыргыз жарандары:
1) Оринбаев Аббас, 2008-жылы туулган;
2) Оринбаев Аброриддин, 2006-жылы туулган;
3) Оринбаева Хадичахон, 2003-жылы туулган;
4) Оринбаева Гавхарай, 1981-жылы туулган;
5) Оринбаева Мавжуда Хамидовна, 1953-жылы туулган;
6) Эрашиев Абдисамат Токтасинович, 1974-жылы туулган.
Мындан сырткары ар кандай жаракаттар менен Караганды облусунун Приозёрск шаарынын ооруканасына төмөнкү кыргыз жарандары жеткирилди:
1) Токторбаев Темирлан, 1971-жылы туулган;
2) Сайкоев Максатбек, 1985-жылы туулган;
3) Сейитбеков Тайырбек, 1971-жылы туулган;
4) Дарбешов Рустамбек, туулган жылы белгисиз;
5) Майрамбек Самат, 1993-жылы туулган.