Ысык-Көл облусунда жергиликтүү тургун баңгизат менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 20-апрелде Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлери тарабынан 1951-жылы туулган жаран кармалган. Анын жашаган жерин текшерүү учурунда бир мүшөк марихуана табылган. Ал маңзатын сатууга камынып жаткан. Учурда бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.