Балыкчыда сууга секирип кеткен адам каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 20-апрелде ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, окуя кечээ саат 12:20 чамасында “Толкун” эс алуучу жайында болгон. Анда 1969-жылы туулган Таалай Шейшеналиев сууга секирип, ошол бойдон чыга албай калган. Анын жансыз денесин саат 14:10до куткаруучулар суудан чыгарышып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.