16-февраль күнү Бишкек шаарында аскердик милдетин өтөп жаткан жоокер өзүн-өзү асып каза болду. Бул тууралуу 18-февралда Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Окуя болжол менен саат 18:30да жоокердин өз үйүндө болгон. Азырынча бул жоокердин кайсы аскердик бөлүктө кызмат өтөп жаткандыгы айтыла элек. Маалым болгону - аскер ал күнү үйүнө суранып кеткен. Окуя болгон күнү маркумдун бир туугандары анын чөнтөгүнөн кат табышкан, анда аскер өзүн-өзү өлтүрүүгө баргандыгы үчүн кечирим сураганы жазылган. Учурда тергөө иштери жүрүп жатканы айтылды.