Жумгал районунда суу жеп кеткен унаа жолдун бир жак бөлүгү калыбына келтирилди. Бул тууралуу бүгүн, 20-апрелде ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 17-апрель күнү Миң-Куш - Арал унаа жолунун 33-чакырымында болжол менен 460 миң куб метр жер көчкү түшкөн. 19-апрель күнү 1 жүктөгүч жана 1 самосвал тартылып, суу жеп кеткен унаа жолдун бир жак бөлүгү калыбына келтирилип, эки тараптуу жол каттамы ачылган. Жер көчкүнүн жылуу процесси турукташып, бирок толук токтой элек болгондугуна байланыштуу айыл аймагынын адистеринен жана ишке тартылган 1 самосвал, 1 жүктөгүч көзөмөлгө коюлган.