Аламүдүн районунун тургуну 1 килограммдан ашык маңзат менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 20-апрелде Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлери тарабынан 48 жаштагы жергиликтүү тургундун үйү текшерүүгө алынган. Анын натыйжасында 1 килограмм 50 грамм гашиш табылган. Учурда бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, кармалган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилген.