2012-жылы АКШдан Кыргызстанга 47 миң тонна тоок эти алынып келингенин бүгүн, 18-февралда ЖКнын тармактык комитетинин жыйынында Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары Замирбек Малабаев билдирди.
“Былтыр Кыргызстанга 72 миллион долларга жалпы 84 миң тонна эт киргизилген. Алардан кошумча нарк салыгы жана бажы төлөмдөрүнөн түшкөн акча 770 миллион сомду түздү. Негизги импорт – уй эти, тоок эти жана чочко эти. АКШдан тышкары тооктун эти Орусиядан, Украинадан жана Бразилиядан алынып келинет”,- деди Малабаев.
Айтымында, былтыр Кыргызстан Өзбекстанга 3 тоннага жакын тоок этин жана чочко майын экспорттогон.