Бишкекте тоноочулукка шектелген жаран кармалды

Бишкекте тоноочулукка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 20-апрелде Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, укук коргоо кызматкерлерине 24 жаштагы Ы.А. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда ал белгисиз адам Тыныстанов көчөсүндө физикалык күч колдонуу менен 47 миң сомун жана уюлдук телефонун тартып алганын айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 44 жаштагы Э.Руслан кармалган. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан