Казакстандагы жол кырсыгынан каза тапкан кыргыз жарандарынын сөөгүн алып келүү үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан унаа жөнөтүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 20-апрелде аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, “Жүк 200дүн” бүгүн кечинде келиши күтүлүүдө. Каза тапкан кыргыз жарандарынын сөөгүн алып келүү боюнча өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев тапшырма берген.
Айта кетсек, 19-апрель күнү саат 09:47 чамасында Жамбыл облусунун Моюнкум районунда жол кырсыгы болуп, анын кесепетинен 15 кыргыз жараны каза таап, төртөө жабыркаган.