Канжар Кадыралиевдин баш коргоо чарасын кароо иши 22-апрелге жылдырылды. Бул тууралуу бүгүн, 20-апрелде Жогорку Соттон билдиришти.
Маалыматка караганда, иштин жылдырылышына Кадыралиевдин жактоочусунун өтүнүч келтиргени себеп болгон.
Буга чейин Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту К.Кадыралиевге карата бөгөт коюу чарасын карап, 26-апрелге чейин камакка алуу чечимин кабыл алган. Бирок 10-апрелде Бишкек шаардык сотунун соттук коллегиясы биринчи инстанциянын токтомун жокко чыгарып, К.Кадыралиевге карата үй камагын тандаган. Мындан улам мамлекеттик айыптоочулар баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча Жогорку Сотко кайрылышкан.
Айта кетсек, Башкы прокуратура Канжар Кадыралиевге карата “бейбаштык”, “өзүм билемдик” жана “зомбулук көрсөтүү менен талап кылуу” беренелери боюнча кылмыш ишин козгоп, ээлеген кызматынан бошоткон. Андан соң Ош шаардык соту аны камакка алуу чечимин чыгарып, издөө жарыялаган. 26-мартта Кадыралиев Башкы прокуратурага өз эрки менен келген, андан кийин ден соолугуна байланыштуу ооруканага жаткырылганы белгилүү болгон.
Жогорку Кеңештин депутаты Ыргал Кадыралиеванын бир тууган агасы Канжар Кадыралиев Ош шаардык прокуратурасында иштечү.