Бишкекте Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата патриоттук ырлардын фестивалы өттү. Бул тууралуу бүгүн, 20-апрелде Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалым болгондой, сынакка Октябрь районунда жайгашкан жогорку окуу жайлардан, мектеп-гимназиялардан жалпы 20 чыгармачыл топ катышты. Гала-концерттин ар бир аткаруучусу грамоталар менен сыйланып, эсте каларлык белектерге ээ болушту. Ал эми фестивалдын жеңүүчүлөрүнө атайын дипломдор, белектер жана акчалай сыйлыктар берилди. Калыстар тобуна белгилүү маданият ишмерлеринен тышкары Октябрь районунун ардагерлер кеңешинин төрагасы Мэлис Бейшеев жана мэриянын маданият башкармалыгынын жетекчиси Малик Ракишев катышты.
Айта кетсек, сынактын биринчи баскычы 10-апрель күнү №62-мектеп-гимназиясында өткөрүлгөн.