ЭЛДИК КАБАР: Алайда карышкыр 20 күндө 12 жылкыны жеп кетти

Алай районунун Ленин айыл өкмөтүндөгү Согонду айылында карышкыр 20 күндө 12 жылкыны жеп кетти. Айласы кеткен эл чогулуп, карышкырды өлтүрүп жок кылуу аракетин көрүп жатат. Бул тууралуу окурман 20-апрелде WhatsApp (+996 557 47-39-39) аркылуу SUPER.KG порталына билдирди. 
Окурман белгилегендей, айыл эли 19-апрелде чогулуш кылып, таңкы саат 4:00дө карышкырга аңчылыкка чыккан. "Колубузга таяк кармап, 30га жакын мылтыгы барлар да катарыбызда болушту. Бирок аба ырайынын кескин өзгөрүшү бизге жолтоо болуп калды. Эми 23-апрелде эл карышкырларды жок кылуу маселесин көтөрүп, кайра чогулат. Анда коңшу айылдардын тургундары менен кошо чыгууну пландап жатабыз",- деди окурман.    

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
NooKeN_KG
2015-04-20 16:09:18
Кызыл китепке киргизип таштабагыла кырып.
0
beka1207
2015-04-20 16:12:57
о кокуй кашабалар))))тигил жакта силердин таламынарды талашып журсо бул кылганынар кантет)))азырак жебейсинерби таза мулжуп
+1
33SUUN
2015-04-20 16:20:05
Тируулой кармап алып тушундуруу иштерин жургузгулода кое бергиле.Эшекти гана жегенге уруксат бергиле калганына катуу тыйуу салгыла.Кырып салганга болбойт,карышкыр токойдун санитариясын тынымсыз козомолдоп турат.(чын-тамаша)
+2
nurik2103
2015-04-20 16:42:18
Алар деле жашоо учун курошуп жатышатда, оздору караш керек жылкыларын
+1
Dinakg
2015-04-20 17:35:35
Айыл окмоту тушунугу жок бир билимсиз адамды койуп алышкан,ал жогору жакты карап ээси ооп отурса керек?Эл озу чара корбосо болбойт.
0
aijan280389
2015-04-20 17:43:10
Узонгу менен башына чаап олтуруп алгыла.
+1
Danel
2015-04-20 18:18:51
Кечеки узонгу менен башка чаап олтургон Толубай уулу Ырыскелдини срочно чакыртып катарынарга кошуп алгыла.
+1
beka88
2015-04-21 00:00:06
карышкыр эле кутуп качан 23 у болот экен деп,
0
modem4999
2015-04-21 00:20:27
Карышкырларды сотко бергиле
0
mira28
2015-04-21 02:16:29
Эл кыйналганын жазып жазсаа бу жагы келгилечи кулолу го
0
Beka1986
2015-04-21 04:50:51
Карышкырларга согуш жарыяланыптыр да
0
aku
2015-04-21 07:36:13
Силер карышкырга митингге чыкканча ага бироо жеткизди Ал эми качып кетет башка айылга
0
admin_portal
2015-04-21 11:03:39
Урматтуу колдонуучулар!
Олоттуу темага олуттуу карап, мазактаган билдирүүлөрдү жазуудан алыс болсоңуздар. Дагы кайтала берсе чара көрүүгө мажбур болобуз.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан