17-февралда ЖКнын депутаты Бакыт Төрөбаев тубаса оорулуу болуп төрөлгөн Ноокен районунун тургуну Алмаз Сапарбаевдин уулу Нурмухаммеддин ооруканадан сакайып чыкканына байланыштуу ага ат мингизип, колуна камчы карматты. Бакыт мырза Нурмухаммеддин кыргыз элинин келечегине жараган азамат уул болуп жетилүүсүн тиледи. Эскерте кетсек, 2012-жылдын июль айында аталган депутат оорулуу балага 10 миң доллар акчалай жардам берген. 9 жаштагы Нурмухаммед Түркиянын Стамбул шаарына ноябрь айында барып, ал жерде 50 күн жатып дарыланып, ага 2 операция ийгиликтүү жасалган.