Талас шаарынын тургуну талаадан таап алган ок-дарыларды өз эрки менен тапшырды. Бул тууралуу бүгүн, 20-апрелде Талас облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине 30 жаштагы облус тургуну кайрылган. Анда ал 22 даана ок-дарыны талаадан таап алганын айтып, өз эрки менен өткөрүп берген. Учурда бул факт боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.