Сайдулла Нышанов: "Жаңгак уюлун уурдаган жарандарга МАИ кызматкерлери шерик"

“Кыргызстанда жаңгак уюлун уурдаган жарандарды МАИ кызматкерлери коштоп жүрөт” деди бүгүн, 18-февралдагы ЖКнын Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетинин жыйынында депутат Сайдулла Нышанов. Айтымында, Жалал-Абад облусунун Сузак районунда жаңгак уюлун уурдаган жарандарды МАИ кызматкери коштоп чек арага чейин узатып турган. 

“Мага жеткен маалыматтар боюнча, ошол МАИ кызматкери менен уурулар ортосунда келишпестиктер чыгып, мушташа кетишип, жабырлануучу тарап ооруканага жеткирилген. Ошондо гана МАИчи милицияга кабарлап, уурдалып бара жаткан 1 тонна 200 килограмм жаңгак уюлу колго түшүрүлгөн. Бул МАИ кызматкерине кандай чара көрүлдү, мыйзам чегинде муну да карап коюуңуздарды суранабыз” деди депутат Ички иштер министринин орун басары Бакытбек Жусубалиевге кайрылып. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан